Ош-Исфана-Бишкек авиакаттамы калыбына келтирилди

18-январдан тартып Бишкек-Исфана-Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз каттам ачылат. Авиакаттамдарды “Tez Jet” авиакомпаниясы ишке ашырарын «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматынан кабарлашты.
Авиакомпания ар аптанын дүйшөмбү күнү учуп, учуу узактыгы 1 саат 15 мүнөт түзөт.
Бишкектен учуп кетүү — 11:00.
Исфанага учуп келүү — 12:15.
Исфанадан учуп кетүү — 13:05,
Бишкекке учуп келүү — 14:20.
Маалымат катары: 2020-жылы аэропортко мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун наамы ыйгарылды. Реконструкция долбоордун алкагында учуу, конуу тилкеге, рулеждук жолчого, аба кемелерди токтотуучу жайга жана перронго реконструкциялык иштери жүргүзүлдү. Учуу, конуу тилкенин жалпы узундугу 1735 метр, ал эми туурасы 35 метрди түздү.
2019-жылы жалпы аянты 553 чарчы метр болгон жаңы аэробекет курулган, ичинде жүргүнчүлөр үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн, алар каттоочу орундар, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн текшерүүчү аппараттар, жүк лентасы, эне, бала бөлмөсү жана башкалар.