“Алтын тамга” тестирлөөсү 14-майда өтөт

“Алтын тамга” тестирлөөсү 14-майда өтөт. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, катышуучулар математика, эне тил жана адабият, Кыргызстан тарыхы, химия сабактары боюнча суроолорго жооп бериши керек.

 

Эске салсак, “Алтын тамга” сынагын өзгөчө үлгүдөгү аттестаттка талапкер окуучулар милдеттүү түрдө тапшырат.

 

Өткөн жылы 2 миң талапкерден  167 гана бүтүрүүчү билимин тастыктай алган.