Жалал-Абадда нөшөрлөгөн жаандан улам турак жайлардын короосун жана ички жолдорду суу каптоодо

Жалал-Абадда нөшөрлөгөн жаандан улам турак жайлардын короосун жана ички жолдорду суу каптоодо. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, учурда аймакта катуу жаан жаап, анын кесепетинен шаарда жайгашкан ички арыктарга суу толуп, турак жайлардын короолорун жана көп кабаттуу үйлөрдүн жертөлөсүн суу каптап жатат.

 

Жерине куткаруучулар жана жарандык коргонуу кызматтары тартылып, сууну агызуу иштери жүрүүдө.