Кыргызстан мектептери салттуулукка кайтууда

Кыргызстан мектептери салттуулукка кайтууда. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, жаңы окуу жылы 1-сентябрда башталып, 25-майга чейин созулат. Окуу китептерин колдонуу эрежелери өзгөргөн жок – жаңы китептердин ижара баасы бир жылга 25 сомду түзөт.

 

Эски китептер окуучуларга акысыз берилет. Окуу формасы тууралуу айта турган болсок, бирдиктүү форма жок, бирок үстү ак, асты кара кийим болушу керек. 2015-жылы киргизилген форманы ата-энелер өз каалоосу менен ала алат.