Унааларды тонировкалоонун тарифтери бекитилди

Унаалардын алдынкы каптал айнектерин күңүрттөө үчүн акы төлөө жана уруксатты каттоо тартиби бекитилди.

Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Ага ылайык, жеке адамдар 80 миң сом, юридикалык жактар 100 миң, чет элдик жарандар 120 миң сом төлөп транспорт каражаттарынын алдыңкы терезелерин карангылатса болот.

Уруксатты 1 жылдык мөөнөткө “Унаа” мамлекеттик мекемеси берет.

Белгилеп кетсек, тонировка чаптоо укугу жеңил унааларга гана берилет.

Ошондой эле, каалоочуларда жол эрежелерин бузуулары үчүн айыптар боюнча карызы жок болушу керек.