Apple россиялык кызматкерлеринин көбүн Кыргызстанга алып келди

Apple россиялык кызматкерлеринин көбүн Кыргызстанга алып келди.

Бул тууралуу бүгүн “Ведомости” гезити өздүк булактарына таянып жазып чыкты.

Жер которууга даярдык 2022-жылдын жазында башталган жана жайдын аягында аяктады.

Басылма Apple компаниясынын өкмөт менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Назим Турдумамбетовдун кыргызстандык экенин белгилеген.

Эске салсак, буга чейин ушундай эле чечимди Google корпорациясы кабыл алып, ишке ашырган.