Кыргызстандык Бекназ Алмазбеков дүйнөнүн эң мыкты жаш футболчуларынын катарына кирди.
Эң таланттуу 60 футболчунун рейтингин британиялык The Guardian басылмасы жарыялады.
Учурда 17 жаштагы Алмазбеков Түркиянын белгилүү спорт клубдарынын бири – Галатасарайда ойнойт
Ал биринчи жолу Кыргызстандын курама командасында дебюттук оюнун ушул жылдын июнь айында Азия Кубогунун турниринин тандоо оюндарынын алкагында Мьянманын курама командасы менен ойногон.