Кыргызстандын мектептерине айыл-чарбачылык менен алектенүүгө уруксат берилет

Кыргызстандын мектептерине айыл-чарбачылык менен алектенүүгө уруксат берилет. Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, башталгыч класстардын окуучуларынын ысык тамагына жыл сайын 500 миллион сом бөлүнөт, бирок бул каражат жетишсиз.

 

Андыктан, мектептерде жер тилкеси болсо, анда жетекчилик аларда өсүмдүк өстүрө алат.

 

Муну менен бийлик мектептерге окуучулардын тамактануусун жакшыртуу үчүн кошумча каржы булактарын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн берип жатат.