Кыргызстанда окуу китептеринин сапаты экспертизанын 4 түрүнөн өтөт

Кыргызстанда окуу китептеринин сапаты экспертизанын 4 түрүнөн өтөт. Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. Анын айтымында, кеп илимий, илимий-педагогикалык, дискриминацияга каршы жана практикалык-педагогикалык экспертизалар тууралуу болуп жатат.

 

Эксперттер ар бир этапта каталарды же талаптарга жооп бербей турган нерселерди аныктап, жазып турат.

 

Күтүлгөндөй, мындай чара окуу куралдарынын сапатын жакшыртууга шарт түзөт.