YouTube кыска видеолорду тартуу үчүн өзүнүн сервисин ишке киргизет

YouTube кыска видеолорду тартуу үчүн өзүнүн сервисин ишке киргизет. Колдонуучулар анда 15 секунддан ашпаган роликтерин жайгаштыра алат. Тиркемеде видеого музыка, ырларды кошуп, бир нече видеону дагы бириктирип монтаждоого мүмкүн.

 

Жаңычылдык алгач Индияда, андан кийин башка өлкөлөрдө дагы жеткиликтүү болот.

 

Белгилеп кетсек, кыска видеолор өткөн жылы ТикТок тиркемесинин пайда болушу менен популярдуу болгон.