Франция жараны Ромен Вандендорп муз салынган идиште 2 саат 35 мүнөт 33 секунда туруп, дүйнөлүк рекордду жаңылады

Франция жараны Ромен Вандендорп муз салынган идиште 2 саат 35 мүнөт 33 секунда туруп, дүйнөлүк рекордду жаңылады. Контейнердин ичиндеги абанын температурасы -18ди түздү. Ромен Вандендорп рекордду жаңылоо үчүн эки жыл музда туруу боюнча машыккан.

 

Буга чейин кытайлык Цзинь Сунчао 2014-жылы музда 1 саат 53 мүнөт убакыт туруп, «Гиннесстин рекорддор китебине» кирген.