Өлкөнүн ири соода тармактарында өсүмдүк майынын баасы арзандаганы байкалууда

Өлкөнүн ири соода тармактарында өсүмдүк майынын баасы арзандаганы байкалууда. Монополдукка каршы жөнгө салуу мамлекеттик кызматынын маалыматына ылайык, буга чейин министрлер кабинети бул азыкты кошумча нарк салыгынан бошоткон.

 

Андан кийин ведомство ири соода объектилерине майдын баасын арзандатуу эскертүүсүн берди.

 

Мониторингде белгилүү болгондой, дүкөндөрдө азыктын баасы орточо эсеп менен 18-21 сомго төмөндөдү.