Ашхабадда кыздар менен жигиттердин бир отургучка отурушуна тыюу салынды

Ашхабадда кыздар менен жигиттердин бир отургучка отурушуна тыюу салынды.

 

Полиция кызматкерлери эс алуу бактарында рейддерди жүргүзүүдө. Эгер бир туугандар чогу отурса, алар тартип сакчыларга документтерин көрсөтүшү керек болот.

 

Ал эми алардын тууганчылыгы жок болсо, анда жаштар полиция бөлүмүнө барып, түшүнүк кат жазып берет.

 

Ата-энелери чакыртылып, окуу жайдын жетекчилигине дагы маалымат жеткирилет.