Бишкек «Тазалык» ишканасынын жетекчиси Сарпашев иштен кетти

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Рысбек Сарпашев иштен кетти. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Маалыматка караганда, Сарпашев иштен кетүү боюнча арзыды өз каалоосу менен жазып, мэр Айбек Жунушалиев аны кабыл алган.

 

Ишкананын жетекчисинин орун басары Айдар Дыйканбаев учурда директордун милдетин аткарып жатат.

 

Сарпашев «Тазалыкта» 2008-жылдан бери иштеп келген. 2010-жылы муниципалитеттин жетекчиси болуп дайындалган. 2018-2019-жылдары вице-мэр дагы болгон. 2012-2014-жылдары «Тазалыкта» иштеген эмес.