Бишкекте эртең “Маяк” рейди өтөт. Бул тууралуу Кайгуул милиция кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, инспекторлор ордо калаа жолдорун Тез жардам унаалары үчүн бошотуп, тоскоолдуксуз чакырууларга жетүүсүн камсыздайт.
Рейддин максаты – Тез жардам унааларынын бейтаптарга ыкчам жетиши үчүн колдоо көрсөтүү. Текшерүүнүн алкагында, медицина кызматкерлерине жол бошотпогон айдоочуларга айып салынат.