Бишкекке кирүүдө коронавируска тесттин жыйынтыгы талап кылынбайт

Бишкекке кирүүдө коронавируска тесттин жыйынтыгы талап кылынбайт. Бул тууралуу ордо калаанын вице-мери Азиз Алымкулов билдирди. Анын айтымында, посттордо жарандар салык кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн иштеген жеринен маалымкат көрсөтсө – жетиштүү болот.

 

Медицина кызматкерлери ар бир жарандын дене табын текшерет. Эске салсак, Чүй облусунда Бишкектин тегерегинде   16 карантиндик пост орнотулган.