Ысык-Көлдө жайкы туристтик сезондо эс алуучулардын коопсуздугун 500дөн ашык милиция кызматкери камсыздайт

Ысык-Көлдө жайкы туристтик сезондо эс алуучулардын коопсуздугун 500дөн ашык милиция кызматкери камсыздайт. Бул тууралуу novosti.kgге аймактын ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

 

Коомдук тартипти сактоого ошондой эле элдик кошуундун мүчөлөрү тартылат. Ал эми чет элдик туристтер менен туристтик милиция иш алып барат. Тоолуу аймактарда атайын каттам аркылуу кызматтык жолтандабастар менен кайгуул жүргүзүлөт.