Астанада Айкөл Манастын эстелиги орнотулат

Monument Epic of Manas on Ala-Too Square in Bishkek — Kyrgyzstan

Айкөл Манастын эстелиги Астана шаарына орнотулат. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов президент Садыр Жапаров менен болгон жолугушуусунда билдирди.

 

Ал өлкө башчысына эстеликти орнотуу боюнча уюштуруу иштеринин жүрүшү жөнүндө маалымат берип, анын эскизинин долбоорун сунуштады. Макулдашуу Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы 2020-2023-жылдарга кызматташтык боюнча координациялык пландын алкагында жетишилген.
Эстеликтин эң мыкты эскизи үчүн сынак өткөрүлүп, скульптор Үрүстөмбек Пазылов менен архитектор Улан Бейшенбаев жеңүүчү деп табылган. Учурда эстеликтин көркөм-эксперттик комиссия тарабынан бекитилген жумушчу макети даяр. Скульптура колодон, постаменти граниттен жасалат.
Астана шаарынын акимиаты тарабынан бөлүнгөн жер боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айрым оңдоп-түзөтүүлөр киргизилиши мүмкүн.