Бишкек-Торугарт трассасындагы кырсыктан 2 киши каза болду

Бишкек-Торугарт трассасындагы кырсыктан 2 киши каза болду.

Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.

Кырсык түндө Кең-Булуң айылында болду. Анда 2 унаа карама каршы тилкеде кагышты.

Кесепетинен биринчи унаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү окуя болгон жерде каза тапты.

Дагы 7 киши бейтапканага жеткирилди. Аталган факты кылмыш жана жоруктардын

бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө иштери башталды.