Мундиаль жаңылыктарынан

Бельгиянын футбол боюнча курамасынын башкы машыктыруучусу Роберто Мартинес кызматынан кетти. Кечээ команда Хорватия фуболчуларын ута алган жок, ал эми катар оюнда Марокко Канаданы утуп алды.

 

Муну менен Бельгия тайпа ичинде үчүнчү орунга жайгашып, сенсациялык түрдө турнирден четтеди.

 

Бирок машыктыруучунун отставкасы анын шакирттеринин утулуп калганына байланышы жок деп айтылууда. Эске салсак, Мартинес Бельгия курамасын 6 жылдан бери машыктырып келген. Аны менен команда 2018-жылы дүйнө чемпионатынын коло медалынын жеңүүчүсү болгон.