Мануэль Нойер дүйнө чемпионаттарындагы оюндардын саны боюнча рекорд орнотту

Германия курамасынын дарбазачысы жана капитаны Мануэль Нойер дүйнө чемпионаттарындагы оюндардын саны боюнча рекорд орнотту. Коста-Рикага каршы беттеш голкипердин карьерасындагы 19-оюн болду.

 

Муну менен ал өз жердеши Зепп Майер жана бразилиялык Клаудио Таффарелди артта калтырды. Алар мундиальда жалпысынан 18ден беттеш өткөргөн.

 

Бул рекорд 48 жыл сакталып келген. Эске салсак, Германия курамасы кечээ Коста-Риканы 4:2 эсебинде утуп алганы менен, плей-офф бөлүккө чыга алган жок.