Кара-Кече көмүр кенинде абал турукташты

Кара-Кече көмүр кенинде абал турукташты. “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, көмүр казуу иштери жанданып, кызматкерлер штаттык режимде иштеп жатат.

 

Ушул тапта Кара-Кече кенинен бир суткада орто эсеп менен 3 миң 500 тонна көмүр чыгарылып жатат. Бишкекте парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына карата нааразылык акциясынан 6-октябрга караган түнү массалык тополоң менен аяктагандан кийин ошол күнү Кара-Кече көмүр кенин топ киши басып алган.