Астанада Кыргызстандын кино күндөрү расмий ачылды

Бүгүн, 26-октябрда Астана шаарында Кыргызстандын маданият күндөрүнүн алкагында кыргыз кино күндөрү расмий ачылды.

Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ачылышта Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, кино күндөрүнүн делегация жетекчиси Мукталы Бектеналиев жана Казакстандын Маданият жана спорт вице-министри Нуркиса Дауешов сөз сүйлөдү.

Анда эки өлкөнүн ортосундагы алмустактан келе жаткан кино ишмерлеринин чыгармачылык байланышы, ошондой эле, соңку жылдары Кыргызстан менен Казакстандын маданият жана кинематография жаатындагы жигердүү өнүгүп жаткан мамилелери даңктуу тарыхка ээ экендиги сыймыктануу менен белгиленди.

Кино күндөрүнүн ачылышына эки өлкөнүн кино ишмерлери, Астанада жашап жана иштеп жаткан мекендештер жана жалпы кыргыз киносунун күйөрмандары катышты.

Кыргыз киносунун күндөрү 29-октябрга чейин уланып, Астана шаарындагы «Керуен» оюн-зоок-соода комплексинини кино залында өтөт.

Кинолор күнүнө эки ирет, саат 12:00 жана 19:00 акысыз көрсөтүлөт.