Кыргызстан калкын сасык тумоодон эмдөө ноябрда башталат

Кыргызстан калкын сасык тумоодон эмдөө ноябрда башталат. Бул тууралуу ооруларды алдын алуу жана санэпидем көзөмөл департаментинен билдиришти.

 

Вакцинация россиялык “Гриппол плюс” препараты менен жүргүзүлөт. Биринчи кезекте медицина кызматкерлери, көп ооруган балдар, тубаса дарты бар жарандар жана 65 жаштан жогоркулар менен кош бойлуу аялдар эмделет. Белгилеп кетсек, сасык тумоо жана курч респиратордук вирустар күз-кыш мезгилинде күч алат.