Авариялык абалдагы мектептер тизмесине дагы 301и кирди

Кыргызстанда авариялык абалдагы мектептердин жаңы тизмесине 301 мектеп киргенин бүгүн 10-февралда Жогорку Кеңештин “Мекенчил” депутаттык тобунун отурумунда Курулуш жана инженердик инфраструктура департаментинин директору Гүлмира Жумабекова билдирди:

“2019-жылдан берки мекеме аралык комиссиянын тизмесинде 108 объект калган. Быйыл аларды бүтүргөнгө аракет кылабыз. Жаңы комиссия менен 2023-жылга тизмеге 301 мектеп кирди”.

 

Кыргызстанда айрым айылдарда балдар эскилиги жеткен имараттарда окуп жатканы тууралуу маселе көптөн бери көтөрүлүп келет.

2022-жылдын 17-майында Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айылындагы орто мектепте сабак учурунда класстын шыбы урап түшкөн. Кырсык болгон учурда кабинетте мугалим жана 16 окуучу болгон, алар баары аман калган.

 

7-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров авариялык абалдагы мектептердин баары үч жыл ичинде оңдолуп бүтөрүн, алар окуучулар бекер колдоно ала тургандай интернет байланышы менен камсыз кылынарын айткан.

21-ноябрда президент Садыр Жапаров авариялык абалдагы 80 гана мектеп калганын, алар өткөн кылымдын 60-70-жылдары курулган жайлар экенин билдирген.