Жалпы республикалык тестирлөөгө 47 миң 600 абитуриент катталды. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева билдирди.
Анын айтымында, бул былтыркыга салыштырмалуу 5 миң адамга көп. Бүтүрүүчүлөрдүн билимин сыноо 23-28-майда эки этап менен өтөт. Ал эми быйыл жалпысынан мектепти 68 миңге жакын окуучу аяктап жатат.