Мектептер жана жогорку окуу жайларда санитардык коопсуздук камсыздалышы керек

Мектептер жана жогорку окуу жайларда санитардык коопсуздук камсыздалышы керек. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Республикалык штабдын отурумунда жарыялады.

 

Анын айтымында, кеп беткап режимин сактоо, колду улам самындап жуу жана социалдык аралык тууралуу болуп жатат. Окуу жайлардын администрациясы жана профилдик мамлекеттик органдар бардык талаптардын аткарылышын камсыздашы керек.

 

Эске салсак, Кыргызстанда этап менен мектептер жана жогорку окуу жайлар ачылууда.