Окуучулар быйыл жылдагыдан айырмаланып, 8-июнга чейин окушат. Билим берүү министрлигинен эскертишкендей, андан кийин мамлекеттик экзамендер башталып, алар 1-июлга чейин созулат.
9-классты аяктаган окуучуларга орто билим жөнүндө күбөлүктөр 11-июлда берилсе, 11-класстын бүтүрүүчүлөрү аттестаттарын 15-июлда алышат. Кийинки окуу жылы качан башталат, азырынча белгисиз. Ведомство учурда базистик окуу планын иштеп чыгууда.