Австралия бийлиги үй мышыктарын көчөгө чыгарууга тыюу салды

Австралиянын Мельбурн шаарына жакын жайгашкан Нокс шаарынын бийлиги мышыктарга коменданттык саат киргизди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

 

Мышыктарды үйдө, сарайда, гаражда багуу ээлерине жүктөлүп, мышыктар үйдүн аймагында жакын жерлерге гана чыга алышат. Бул талап жан-жаныбарларды коргоп калуу максатында ишке киргизилген.

 

2021-жылдын 1-октябрынан тарта бийлик жаңы демилгени киргизүү этабын баштайт. Мышыктар үйүнөн чыгып кетсе, ээлерине эскертүү жөнөтүлөт. Жарым жылдан соң шаардын жашоочуларынын үй жаныбары көчөдө үзгүлтүксүз сейилдеген учур катталса, 500 доллардан жогору өлчөмдө айып пул салынат.