Кыргыз сому КМШдагы эң кооз банкнота болуп эсептелет

Кыргыз сому КМШдагы эң кооз банкнота болуп эсептелет.

Улуттук банктан билдиришкендей, «2009-жылы чыккан 5 миң сом номиналындагы банкнота

«Жылдын банкнотасы» эл аралык сынакта финалга чейин жеткен. Бул акчанын коргоо деңгээли жана

дизайны каралчу сынак. Ал эми 100 сомдук КМШ боюнча адистер арасында өткөн сурамжылоодо

сапаты боюнча экинчи орунду алган. Адистер 50 доллар, 50 евро жана 1 миң рублдин сапатын сынашкан.

2 миң сомдук эл аралык сынакта КМШ, Борбордук жана Чыгыш Европа мамлекеттеринен жеңүүчү болгон.

Эске салсак, 10-май, кыргыз сому ишке киргенине 28 жыл толду.