Эс-тутуму эң жогорку смартфон иштелип чыгууда

ZTE компаниясы рекорддук сандагы оперативдик эс-тутуму бар смартфонун чыгарып баштайт. Мындай маалымат чет элдик басылмаларда жазылды.

 

Андагы маалыматта, компания оперативдүү эс-тутуму 20 гигабайт болгон смартфонду жаратууну пландап жатканы айтылат. Компаниянын директору Лу Цяньхао смартфондун атын жана башка өзгөчөлүктөрүн сыр бойдон калтырган.

 

Учурда эң көп эс-тутум боюнча 18 гигабайт оперативдүү эс-тутум менен Asus ROG Phone 5 телефондору алдыда.

 

Адистердин айтымында, акыркы мезгилдерде смартфондордо оперативдик эс-тутумдун көбөйүшү маркетингдердин жаңы ойлоп табуусу болгон.

«Эгерде буга чейин өндүрүүчүлөр камералардын мегапикселдерин көбөйтүшсө, эми эс-тутум менен өзгөчөлөнмөкчү», — деп белгилешкен интернет колдонуучулары.