Австралиянын тургуну туулган күнүндө миллионер болду. Анын күйөөсү лотерея билетин белек кылган. Ал билгендей эле, бул билет бакыт алып келген билет деп айтып, белегин ыйгарган.
Чынында эле анда 3 миллион доллар катылган болуп чыкты. Күтүүсүз жерден байыган аял акчаны үйдүн ремонтуна жана экзотикалык өлкөлөргө саякатка багыттай турганын билдирди.