Мамлекеттик каттоо кызматы айдоочуларга ыңгайлуу жаңы сервисин тартуулады

Мамлекеттик каттоо кызматы айдоочуларга ыңгайлуу жаңы сервисин тартуулады. “МКК кызматтары” уюлдук тиркемесинде “Айдоочу күбөлүгүнүн даярдыгы” бөлүмү пайда болду.

 

Анда күбөлүк алууга арыз кайсы деңгээлге жетип калганын көрсө болот.

 

Андан тышкары, тиркемеде “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагындагы айыптар, каттоого алынган транспорт каражаттарын жана машиненин документтери тууралуу маалымат жеткиликтүү.