Бишкекте жаңы бала бакча ачылды

Бишкекте жаңы бала бакча ачылды. Мэриядан билдиришкендей, 100 бөбөккө чакталган мектепке чейинки билим берүү мекемеси Тыныстанов-Токтогул көчөлөр кесилишинде орун алган.

 

Ага кенже, орто жана улуу тайпалар ачылып, окуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Бакчага 11 номуру ыйгарылып, электрондук кабыл алуу башталды.  Курулуш иштерине шаардык бюджеттен 35 миллион сом бөлүнгөн.