Жаңы жылдын алдында мэрия «103» кызматына 8 тез жардам унаа белек кылды.
Тез жардам унааларын сатып алууга шаардык бюджеттен 11 миллион сом бөлүнгөн.
Унаалардын алтоосу керектүү медициналык-диагностикалык жабдуулар менен камсыздалды.
Ал эми калган 2 унаа сүт азыктарын ташууга ылайыкталган. Учурда шаар тургундарын
46 тез жардам унаасы тейлейт. Шаардын социалдык-экономикалык өнүгүү планы
боюнча тез жардам унаанын саны 100гө жеткенге чейин жыл сайын
8 унаа сатылып алынат, — деп айтылат маалыматта.