Бишкекте муниципалдык бала бакчаларды ачуу суроосу дагы эле чечиле элек

Бишкекте муниципалдык бала бакчаларды ачуу суроосу дагы эле чечиле элек. Бул тууралуу novosti.kgге билим берүү башкармалыгынын адиси Мээрим Халиалдаева билдирди.

 

Анын айтымында, бардыгы шаардагы эпидемиологиялык абалга көз каранды болот. Чечимди Республикалык штаб кабыл алат. Андан кийин бийлик Бишкектеги абалды коопсуз деп тапкандан кийин, бала бакчалар ишин жандантат.