Кыргызстандын футзал боюнча курамасы дүйнөлүк рейтингде көтөрүлдү

Футзал боюнча Кыргызстандын курамасы дүйнөлүк рейтингде 43-орунга көтөрүлдү. Бул тууралуу Футбол федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, жаңыртылган рейтинг февраль айынын башында чыгып курама командасы 1067 упайы менен 43-орунда турат.

 

Эскерте кетсек, 2019-жылы жаңыртылган рейтинг боюнча улуттук курама 44-орунда болчу. Ал эми Азия футбол конфедерациясында Кыргызстан тизменин 8-сабында жайгашкан.