Футзал боюнча Кыргызстандын курамасы экинчи жолдоштук беттеште
Сауд Аравиянын командасы менен тең чыкты. Бул тууралуу Футбол
федерациядан билдиришти. Оюн 4:4 эсебинде аяктады.
Улуттук кураманын оюнчулары Шохрух Махмадаминов,
Манас Абдрасул уулу жана Нурсултан Абдылдаев атаандаштарынын
дарбазасын бош калтырган жок. Буга чейинки оюнда
Кыргызстан Сауд Аравияны 5:3 эсебинде артта калтырган.