Кыргызстандык Бекдөөлөт Расулбеков оор атлетика боюнча эл аралык турнирде жеңишке жетти

Кыргызстандык Бекдөөлөт Расулбеков оор атлетика боюнча эл аралык турнирде жеңишке жетти. Мелдештер Иранда өттү. Мекендеш 165 жана 206 килограммдык штангаларды көтөрө алды.

 

Бул жыйынтык ага чемпион наамын алып келди. Ошондой эле ал рейтинг упайларын топтоду. Упайлар кыргызстандыкка олимпиада оюндарына жолдомо алууга шарт түзөт.