Бүгүн түндө Ала-Тоо аянтында 2 тез жардам кызматы нөөмөттө турат

Бүгүн түндө Ала-Тоо аянтында 2 тез жардам кызматы нөөмөттө турат. Бул тууралуу 24 агенттигине Тез жардам кызматынын башкы дарыгери Искендер Шаяхметов билдирди.

 

Анын айтымында, борбор кызматтын күчөтүлгөн тартибине өттү. Жалпысынан, ордо калаада линияга 38 тез жардам бригадасы чыгат. Алар тиешелүү шаймандар менен жана медициналык препараттар менен камсыздалды, — деди Шаяхметов.