«Bloomberg» журналы америкалык модель Кайли Женнерди эң жаш миллиардер деп атады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматта айтылгандай, «Bloomberg» журналынын рейтинги боюнча, америкалык модель жана «Кардашьяндын үй-бүлөсү» аталышындагы реалити-шоунун катышуучусу 22 жаштагы Кайли Женнер дүйнөдөгү эң жаш миллиардер деп аталды.
Кайли Женнер «Kylie Cosmetics» деген косметикалык компаниясын негиздеп, анын 51 пайыз акциясын 600 миллион долларга саткан.