Баткен районунда жаңы медициналык мекеме пайда болот.
Өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Кара-Токой айылында
Фельдшер-акушердик түйүндүн курулушу башталды. Анда стоматология, гинекология,
жугуштуу жана жүрөк ооруларын кароо бөлүмдөрү болот. Мекеме заманбап
медициналык жабдуулар менен камсыздалат. Курулуш иштерине 3 миллион сомго жакын жумшалат,
каражат кайрымдуулук фонд тарабынан бөлүнүп берилет. Аймактагы
ФАП мындан 60 жыл мурда курулуп, жараксыз абалда болчу.