Бир жумада мас болуп машине айдаган 114 айдоочу кармалды

Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы бир жума ичинде жүргүзгөн рейдде 9339 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Аталган башкармалыктын маалыматына караганда, анын ичинен 114ү — мас болуп машине айдагандар.

 

84ү машинесинин терезесин караңгылатып алса, 12 айдоочу машинесине жасалма номер тагып алган. 1123 айдоочу жол белгилерин сактаган эмес. 1342си белгиленген ылдамдыктан катуу айдаган жана 6664 айдоочу ар кандай жол эрежелерин бузган.

 

Административдик кодекске ылайык, азыр мас айдоочуларга 17 500 сом айып салынат. Жогорку Кеңеште ичкилик ичип рулга отурган айдоочуларга салынчу айыппулду 50 миңден 100 миң сомго чейин көтөрүү, айдоочулук күбөлүктөнажыратуу сунуштары айтылып келет.