Бүгүн убактылуу айдоочулук күбөлүктөрдүн жарактуу мөөнөтү бүтөт.
Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Документтерди туруктуу күбөлүктөргө «Унаа» мамлекеттик мекемесинин
аймактык бөлүмдөрүнөн алмаштырууга болот. Бишкек боюнча арыздар
Чокон Валиханов көчөсүндөгү №2 даректе кабыл алынса, даяр документтер
Ауэзов көчөсүндөгү №4 калкты тейлөө борборунда берилет. Белгилеп кетсек,
убактылуу айдоочулук күбөлүктөр өткөн жылдын 10-июлунан баштап берилип келген.