Баткенде карантиндик-санитардык түйүндөр алынды.
Аймактагы коопсуздукту камсыз кылуу боюнча кеңешинин чечимине ылайык,
кечээтен тартып район жана айылдар арасында коюлган 23 пост алынды.
Учурда төртөө гана ишеп жатат. Мындай чечим жазгы-талаа жумуштарын уюштурууга,
мал-жандыктарды жайыттарга алып чыгууга шарт түзүү үчүн кабыл алынды.
Эске салсак, Баткен облусунда COVID-19 илдети беш адамдан аныкталган.