Бишкекте өзгөчө абал учурунда каттамдарга чыккандар үчүн  үч түрдүү өткөрмө кагаздар берилип жатат

Бишкекте өзгөчө абал учурунда каттамдарга чыккандар үчүн  үч түрдүү өткөрмө

кагаздар берилип жатат. Бул тууралуу ички иштер министри Кашкар Жунушалиев билдирди.

Анын айтымында, документтер көк, кызыл жана сары түстө. Көк түстөгүлөр —шаар ичинде

24 саат бою жүрө алышат. Кызыл түстөгүсүн алгандар таңкы саат 7ден кечки 8ге чейин,

адатта булар мекемелерде иштеген кызматкерлер, дүкөн, дарыканаларды товар менен

камсыз кылган ишкерлердин колунда. Сары түстөгүсү медиктер менен

банк кызматкерлерине берилди.