Өкмөт аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берет

Өкмөт аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берет.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдиргендей,

Муктаж үй-бүлөлөргө күнүмдүк керектөөдөгү тез бузулбай турган

тамак-аш продуктулары берилет. «Биринчи баскычтагы жардам

экономикалык ишмердүүлүгү кыйла чектелген жана акча табуу булагы

жок калган Бишкек жана Ош шаарларынын жашоочуларына көрсөтүлөт.

Бул механизм өлкөнүн калган райондоруна андан кийин киргизилет.

Бул үчүн  материалдык резервдер фондунан аз камсыз болгон

үй-бүлөлөргө таркатуу үчүн 10 миң тонна ун бөлүү чечими кабыл алынды.