Балдарды мектепке электрондук каттоо апрелде башталат

Кыргызстанда балдарды мектепке электрондук каттоо 10-апрелде башталат.

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-класска кабыл алуу биринчи этапта балдарды катталган жери боюнча, экинчи баскычта ошол учурда жашаган жери боюнча жүргүзүлөт.

Ал эми электрондук каттоонун экинчи этабы болжол менен июль айында өтөт.

Белгилеп кетсек, “Мектепке электрондук кабыл алуу” системасына бала окуу жылынын башында алты жашка толсо гана кабыл алынат.