Бишкек жана Ош шаарларындагы бардык мектептерде билим берүү онлайн форматында уланат

Бишкек жана Ош шаарларындагы бардык мектептерде билим берүү онлайн форматында уланат.

Мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Марат Үсөналиев билдиргендей,

эки шаарда эпидемиологиялык абал курч болгондуктан, Республикалык штаб жана Саламаттык сактоо министрлиги

реалдуу режимде окууну жандандырууга уруксат берген жок. Ага катар Чүй облусундагы Панфилов районундагы

мектептер да азырынча ачылбайт. Калган райондорунда 1-класстар гана мектепке барып окушат.

Белгилеп кетсек, бүгүнтөн тартып экинчи чейректин сабактары башталат.