Эми патентти электрондук түрдө гана сатып алса болот

Ушул жылдын январь айынан тарта экономикалык ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн патенттерди электрондук түрдө гана сатып алууга болот.

Мамлекеттик салык кызматы эскерткендей, кагаз патенттер толугу менен жоюлду.

Жеке адамдар жана жеке ишкерлер эми электрондук документти алуу же узартуу үчүн салык органдарына барбай эле койсо болот.

Болгону Salyk.kg сайтындагы “жеке кабинетке” кирүү жетиштүү.